КМУнун президенттик стипендия алган 5 студенти университеттин башкы корпусунун алдына өздөрүнүн атынан балаты отургузушту
Бүгүн, 2-февраль күнү, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын алган Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Сталбек Бекболотов, Зарина Кубатбек кызы, Айгерим Омурова, Миргүл Рахманалиева жана Гүлжамал Сагынбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында университеттин башкы корпусунун алдына өздөрүнүн атынан балаты отургузушту. Бул аракет студенттердин окууда албан ийгиликтерди жаратып, түрдүү иш-чараларга активдүү катышууга, президенттик стипендиянын ээси болууга, жана өзүнүн атынан балаты отургузууга шыктандырууга багытталып уюштурулган.