Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы илимпоз Ж.Сагынбековдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун, Табыгый илимдер жана туризм институтунун жана Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы илимпоз, биология илимдеринин кандидаты, Талас мамлекеттик университетинин доценти Жышан Сагынбековдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Аталган иш-чара 2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде Экология жылы жарыялангандыгына байланыштуу уюштурулган. Конференциянын алкагында И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча билим берүү институту тарабынан "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл" аталышында архивдик фото-, фономатериалдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Пленардык жана секциялык отурумдарда актуалдуу маселелерди камтыган баяндамалары менен п.и.к., доцент Гүлнара Усенгазиева, т.и.к., доцент Гүлзат Токонбекова, б.и.к., доцент Гүлнар Шаршеналиева, т.и.к., доцент Назгүл Рысмендеевалар сөз сүйлөштү.

Позвонить