Blog Image

КМУнун профессордук окутуучулар курамы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде академиялык алмашуу программасы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүшүүдө

27-29-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту (МТМИ) менен Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулар курамы эл аралык кызматташтыктын алкагында академиялык алмашуу программасы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүшүүдө.

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д, профессор С.С.Жумалиев, кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессордун м.а. Р.А.Абдуллаева, кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.К.Каныбекова, эл аралык журналистика жана медиа-коммуникация бөлүмүнүн башчысы Э.Ж.Сатыбекова, кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Н.У.Масалиева конок-лекция, семинар, тренингдерди өтүшүп, конференцияда баяндамаларды жасап, педагогикалык тажрыйба алмашууда.

Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин филология институтунун жана казак тил билиминин теориясы менен адистиги, казак адабиятынын теориясы менен адистиги, казак тили менен адабиятын окутуунун методикасы кафедраларынын профессордук-окутуучулар курамы, белгилүү окумуштуулар, магистранттар, студенттер жана мектеп мугалимдери катышууда.

27-ноябрда аталган университетте жетекчилер менен расмий жолугушуудан кийин материалдык-техникалык база менен таанышуу болду. Андан кийин профессор А.Аблаковдун элесине арналган филологдор форуму өттү.

МТМИнин академиялык программа боюнча Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде окуп жаткан студенттер менен жолугушуу өттү.

28-ноябрь күнү Э.Сатыбекова «Салттуудан онлайн медиага чейин: өздүк тажрыйбалар менен перспективалар (Кыргызстандын мамлекеттик ММК мисалында)» аталышында конок-лекция, А.Каныбекова менен Н.Масалиева “Билим берүүдө жасалма интеллект: педагогдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” аталышында семинар-тренинг, Р.Абдуллаева “Сабакта заманбап инновациялык технологияларды колдонуу ыкмалары» аталышында семинар өтүштү.

29-ноябрь күнү «Түркі халықтарына ортақ әдеби мұраларды оқыту мәселелері» аталышындагы эл аралык конференцияда С.Жумалиев «Түрк элдерине орток мурастарды окутуу маселелери: Махмуд Кашгаринин "Девону лугатит түрк" сөздүгүн окутуу”, Н.Масалиева “"Манас" эпосунда улуттук оюндарды окутуу», А.Каныбекова «Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим"дастанын окутуудагы заманбап ыкмалар” аталышында илимий баяндамаларын окушту.