Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Казакстанда өткөн эл аралык кышкы мектеп окууларына катышты

Февраль айында И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы, Казакстандын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин химия жана химиялык технология факультети уюштурган «Илимди жана билим берүүнү уюштуруунун заманбап технологиялары» аталышындагы эл аралык кышкы мектеп окууларына катышты. Гибриддик форматта уюштурулган бул окууда, эл аралык деӊгээлдеги тренерлер тарабынан «Практикага багытталган окутуу технологиялары», «Идеядан шыктанууга,  массалык ачык онлайн курстарын түзүүдөгү биздин жол» жана «Изилдөө университетин ишке ашырууда стартаптын ролу» деген темаларда семинар сабак өтүлдү.