Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Талас мамлекеттик университетинде конок-лекцияларды өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Талас мамлекеттик университетинде конок-лекция өтүштү.

М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлнара Усенгазиева - “Учурдагы үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү”, Физика-математика факультетинин деканы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Токонбекова - “Физика сабагында экологияны байланыштырып окутуу”, Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендеева - “Чүкө феномени: салттуу жана заманбап аспектилери” аталышында конок-лекцияларды өтүштү. Конок-лекциялардын жүрүшүндө ТалМУнун студенттери жана окутуучулары заманбап педагогикалык ыкмаларды салттуу баалуулуктар менен айкалыштыруу жолдору жөнүндө маалымат алышты.

Лекциялар кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, Талас мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору Жыргалбек Шаршембиев конокторго ыраазычылык каттарын тапшырды.

Мындай кызматташтык эки университеттин ортосунда билим берүү жана илимий байланыштарды бекемдөөдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Позвонить