КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер “Атанын дүнүйөсү" спектаклинин премьерасына барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн режиссёр Эркин Эгембердиевдин "Атанын дүнүйөсү" спектаклинин премьерасына барышты. Иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулган.
Спектакль театрдын жаңы чыгармачылык ишмердүүлүгү менен таанышууга жана маданияттын чыныгы баалуулуктарын таанып-билүүгө зор мүмкүнчүлүк түздү.
Ошондой эле, чыгармачыл өнүгүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты дагы бекемдөөгө өбөлгө түздү.