КМУнун профессордук-окутуучулар курамына Ардак грамоталар тапшырылды
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев билим берүүнүн өнүүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн КМУнун профессордук-окутуучулар курамына Ардак грамоталарды тапшырды.