Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулар курамына “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, 7-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Майрамдык иш-чарага КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов,

университеттин профессордук-окутуучулар курамы катышууда.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн КМУнун профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Ардак грамотасы тапшырылды:

1. Сыдыкова Толгонай Көчкөнбаевна, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору ф.и.д.

2. Омурбаева Дамира Касымбаевна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафдрасынын доцентти, п.и.к.

3. Өмүрова Жүрсүн Касымбековна М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценттин м.а., т.и.к.

4. Чокоева Гулмира Суеркуловна, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к.

5. Чыланбекова Нурийса, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу

6. Искендерова Шарапат Абыловна, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу-инспекциялык бөлүмүнүн башчысы доценти, ф.и.к.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин “Кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси төмөнкүлөргө тапшырылды:

1. Мурзаев Тагайбек Турсункулович, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун табигый математикалык билимдер ж/а аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу

2. Омурзаков Абдурашит Турдубаевич, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин музыка кафедрасынын ага окутуучусу, “ Университеттин ардактуу профессору”

Позвонить