КМУнун профессордук-окутуучулар курамына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы тууралуу түшүндүрүү жана жеткирүү боюнча иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын” профессордук-окутуучулар курамына түшүндүрүү жана жеткирүү боюнча иш-чара өттү. Иш-чарада стратегиянын максаты, мааниси жана мазмуну боюнча кеңири маалыматтар презентация аркылуу көрсөтүлдү.
Иш-чара бекитилген планга ылайык, 27-январдан 4-февралга чейин ар бир курамдын профессордук-окутуучулар курамына өткөрүлөт.
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Мамлекет жана укук теориясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.