Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулук курамы "Салттуу музыкалык искусство жана этнодизайн" аталышындагы I Эл аралык симпозиумга катышты

24-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун  Искусство жана дизайн факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери илимий чыгармачылык эмгектери менен Евразиялык Эл аралык университетинде өткөн  "Салттуу музыкалык искусство жана этнодизайн" аталышындагы I Эл аралык симпозиумга катышты.  Иш-чара салттуу музыка  күнүнүн  20 жылдыгына жана Дүйнөлүк дизайн күнүнө карата уюштурулган. Иш- чаранын жүрүшүндө КМУнун окутуучулары билим берүү жана технология багытындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору боюнча илимий докладдарды окуду.  

Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Базарбек Сыдыков, философия илимдеринин кандидаты Улуубек Закиров ,ага окутуучулар Доктуркул Ибраев, Лайли Амирова жана Рысбек Мамбетакунов, ошондой эле, Мунара Чолпонкулова өздөрүнүн чыгармачылык иштери менен көргөзмөгө катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында  Казахстан Евразиялык дизайнерлер союзу тарабынан диплом менен сыйланып, сертификаттар тапшырылды.