Blog Image

КМУнун профессору А.Жоошбекова ТКМПУда “Миграция процесстери жана Борбордук Азия республикаларынын интеграциясы” темасында конок-лекция өттү

29-30-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин профессору, т.и.д. Айнагүл Жоошбекова эл аралык академиялык мобилдүүлүк боюнча Ө.Жанибеков атындагы Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык университетинде (ТКМПУ) өткөн “Улут аманатын аркалаган “Ак жол” жана Ханбиби Есенкара кызы” аталышындагы эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышып, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында жана КР Президентинин “Азыркы мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “И.Арабаев жана “Алаш” партиясы” темасында доклад жасады. Конференциянын “Акжол гезити жана репрессияга учураган улут интеллигенциясынын тагдыры” секциясында “И. Арабаевдин коомдук-саясий ишмердүүлүгү” макаласы менен катышты. Бул макалалар конференциянын материалдарынын жыйнагында басылып чыгат.

Профессор А. Жоошбекова академиялык мобилдүүлүк боюнча Ө.Жанибеков атындагы ТКМПУнун Стратегиялык өнүгүү жана инновациялык иштер боюнча проректору Баршагүл Качкын кызы Исабек, Казакстандын тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.д. Найманбаев Б.Р. жана студенттер, магистранттар менен жолугуп, “Миграция процесстери жана Борбордук Азия республикаларынын интеграциясы” темасында конок-лекция өттү.

Эки университеттин достук жана илимий байланышын арттыруу максатында уюштурган Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык университеттин ректору, т.и.к., профессордун м.а. Г.Д.Сугирбаевага жана Казакстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.д. Б.Р.Найманбаевге ыраазычылык билдиребиз.