Blog Image

КМУнун профессору Абдыкерим Муратовго ОшМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

И. Арабаев атындагы КМУнун профессору, жазуучу, Абдыкерим Муратовго ОшМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Иш-чарага КМУнун Т. Ахматов атындагы Кыргыз адабияты жана аны окутуунун жаңы технологиялары кафедрасынын башчысы, профессор Райхан Абдуллаева жана кафедранын ага окутуучусу Таңсыкай Акматова, ошондой эле, окутуучу Айгүл Карымшакова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуу Абдыкерим Муратовдун өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Сыйлоо аземинен кийин Адыкерим Муратов “Чыгыш поэзиясынын контекстинде Барпы апыздын чыгармачылыгы” (Барпы Алыкул уулунун 140 жылдыгына карата) аталышында баяндама жасады.