КМУнун профессору Ю.Шыгаев «Түркстан стили» эл аралык сүрөтчүлөр симпозиумуна катышты
11-17-апрель күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Юристанбек Шыгаев «Түркстан стили» эл аралык сүрөтчүлөр симпозиумуна катышты.
Симпозиумга Россия, Индия, Түркия, Белоруссия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген сүрөтчүлөр Түркстандын кооз табиятынан, бай тарыхынан жана маданий мурастарынан шыктануу алып, өз чыгармаларын жаратышты. Сүрөтчүлөрдүн арасында дүйнөгө таанымал эмгек сиңирген ишмерлер, академиктер жана профессорлор болду. Жалпысынан 120 көркөм чыгарма эл назарына сунушталып, көрүүчүлөрдү Түркстандын көркөм дүйнөсүнө саякат жасаткандай таасир калтырды.