КМУнун кесиптик бирлиги окутуучуларга сыйлыктарды тапшырды
КМУнун Профсоюз уюму окутуучуларга Ардак грамоталарды тапшырды
Бүгүн, 7-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Мугалимдер күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөргөн иш-чаранын жүрүшүндө Профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек билим берүү тармагында эмгектенген окутуучуларды куттуктап, алардын укуктарын коргоо жана социалдык абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолду.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен:
- Айнура Акматова – Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу
- Мунара Турумбекова – Искусство жана дизайн факультетинин ага окутуучусу сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен:
1. Айгүл Чалданбаева – Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор;
2. Медербек Идирисов – Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу;
3. Кадырбек Ачекеев – Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директорунун орун басары;
4. Эльзат Дылдаева – Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу;
5. Бактыгүл Турганбаева – КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу;
6. Иличбек Темирбек уулу – Табигый илимдер жана туризм институтунун профессорунун милдетин аткаруучусу.
И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлигинин Ардак грамотасы менен Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Мирзараим кызы Улара.
И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек мугалимдердин билим берүү системасындагы маанилүү ролун баса белгилеп, алардын талыкпас эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү үчүн ыраазычылык билдирди.