КМУнун проректору А.Чалданбаева Башкортостанда өткөн Россия жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунун эл аралык илимий конференциясына катышты
12-15-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, п.и.д., профессор А.К. Чалданбаева жана орус филологиясы факультетинин деканы, п.и.к., доцент Н.К. Сегизбаева эл аралык кызматташтыктын алкагында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун "Заманбап чакырыктар шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу эл аралык илимий конференциясынын ишине катышты.
Конференцияга Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун жетекчилери, Кыргызстандын жана Россиянын илимий коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Иштин жүрүшүндө илим менен билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары, алардын эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу, ошондой эле билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу талкууланды.
Россиянын ЖОЖдору менен жол карталарынын долбоорлоруна кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Талкуунун жыйынтыгында конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.