Blog Image

КМУнун проректору Айгүл Чалданбаева Москва шаарында өткөн «Жаңы доор – жаңы жолдор» аталышындагы дүйнөлүк форумга катышты

19-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова Москва шаарында өтүп жаткан «Жаңы доор – жаңы жолдор» (Новая эпоха – новые пути) аталышындагы дүйнөлүк форумга катышты. Дүйнөлүк форумдун негизги максаты адилеттүү дүйнөлүк экономиканы куруу, жарандардын бакубаттуулугун жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү. Ошондой эле, келечекти биргелешип түзүү болуп саналат. «Жаңы доор – жаңы жолдор» аталышындагы форумда Айгүл Чалданбаева жана Чолпон Койчуманова пленардык отурумда доклад жасашты. Форумдун жүрүшүндө Россиялык окуу жайлардын жетекчилери менен И.Арабаев атындагы КМУнун мындан ары келечектеги илим, билим тармагындагы байланыштары, өз ара кызматташтыгы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Дүйнөлүк форумду эл аралык Евразиялык кызматташтык уюму уюштурган.