КМУнун проректору Б.Исаев "Евразия Кей Джи" коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту
17-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакбур Исаев "Евразия Кей Джи" коомдук фондунун өкүлдөрү, жаштар менен иштөө боюнча адиси Каныкей Ташмаматова жана директордун орун басарынын жардамчысы Александр Чукин менен жолугушту.
Жолугушууга КМУнун орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, бухгалтер Азамат Дүйшөналиев катышты.
Жолугушуунун максаты: университет үчүн студенттик гранттарды алуу мүмкүнчүлүгү жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоо.