КМУнун проректору Г.Жалилова К.Тыныстанов атындагы ЫМУда өткөн GreenKG долбоорунун эл аралык ИПКга катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гульназ Жалилова жана физика-математика факультетинин деканы Гүлзат Токонбекова ү.ж. 1–3-сентябрь күндөрү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өтүп жаткан «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер» (GreenKG) долбоорунун эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышууда.
Бул долбоор Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын алкагында каржыланып, 12 университеттин өнөктөштүгүндө ишке ашырылууда. Конференциянын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун жашыл өнүгүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилип, университеттин окуу программасына интеграцияланган «Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү» жана «Билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» аталышында базалык курстар боюнча презентация жасалды.