Blog Image

КМУнун проректору “Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү” аттуу конференцияга катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу менен Теология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шамралиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан “Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү” V эл аралык конференциясына катышууда. Аталган конференция Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулган. Анда Нурбек Шамралиев “Мамлекет жана дин” темасында доклад окуду.