Blog Image

КМУнун проректору Р. Зайниев М.К.Аммосов атындагы ТЧФУнун доценти С. Прибылых менен жолугушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Светлана Прибылых менен жолугушту.

Жолугушууга КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана негизги багыттары боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулган.