Blog Image

КМУнун проректору Жайна Садыкбек кызы “ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аталышындагы проректорлордун III форумуна катышууда

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Жайна Садыкбек кызы жана Мамлекеттик тил жана маданият институтутнун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Самат Жумалиев И.Раззаков атындагы КМТУда өтүп жаткан “ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аталышындагы проректорлордун III форумуна катышууда.

Аталган иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Форумда ЖОЖдордо окутуу тили маселелери; бардык дисциплиналар боюнча кыргыз тилинде окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу башка тилдерден которуу иштерин жүргүзүү; ЖОЖдордогу кыргыз филологиясы факультеттеринин окуу программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (котормо, терминология сабактарын) киргизүү ж.б. орчундуу маселелери каралат.