Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева Будапешт шаарындагы эки тилдуу гимназия мектебинин окутуучусу Бернадетт Ковачне Тамашини кабыл алды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы эки тилдуу гимназия мектебинин окутуучусу Бернадетт Ковачне Тамашини кабыл алды.

Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова катышты.

Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова институттун профессордук-окутуучулар курамы менен биргелешип кызматташуу максатында чакырылган Бернадетт Ковачне Тамаши айымды тааныштырды.

1-сентябрдан тартып мугалимдерге венгр тилинен курс өтүлүп баштады.

Белгилей кетсек, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИде илимий изилдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Профессордук-окутуучулар курамы, магистранттар жана жогорку курстун студенттери венгр тилин жана маданиятын үйрөнүүгө болгон каалоосун билдиришип, группалар түзүлдү.

Позвонить