Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрүн кабыл алды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин проректору Елена Зуева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директорунун орун басары Ирина Мизис, КМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова жана орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тартаптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Позвонить