Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева Кореяда өткөн Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер конференциясында Ардак грамота менен сыйланды

Бүгүн, 6-август күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева Кореяда өтүп жаткан XVI Бүткүл дүйнөлүк корей тили мугалимдеринин конференциясына катышты. Аталган иш-чара 2009-жылы алгач ирет уюштурулган.

Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун Бишкек Сежон институту быйыл 88 мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 256 Сежон институтунун арасынан эң мыкты деп таанылып, Корея Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бишкек Сежон институту менен биргеликте иштеген жергиликтүү башкаруу уюму тарабынан И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Кореянын Кёнвун университетинин ректору Ким Донже мырза корей тилин окутууда кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланышты.