КМУнун ректору А.Абдраева КРнын Аялдар футболу ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 16-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын Аялдар футболу ассоциациясынын (КР АФА) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков, КР АФА президенти Салтанат Эгембердиева, вице-президентти Айдана Оторбаева, аткаруучу директору Нурайым Алымкулова жана техникалык директору Светлана Кашуба катышты.
Жолугушууда тараптар аялдар футболун өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, студенттерди спорттук активдүүлүккө тартуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.
КМУнун ректору Айгүл Абдраева өз сөзүндө университеттин спорттук бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн активдештирүү жана спортту, анын ичинде аялдар футболун, өнүктүрүүгө зор маани берилерин билдирип, КМУнун студенттерин спорттук иш-чараларга кеңири тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган иш-чаралар боюнча анык кадамдарды талкуулап, келечектеги кызматташтык боюнча макулдашты.
Бул иш-чара студенттерге жана жаш кыздарга спорттук карьераны өнүктүрүү жана ийгиликтерди жаратуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.