КМУнун ректору А.Абдраева "Кытай (Шанхай) - Кыргызстан" жогорку билим берүү форумуна катышты
Кытай (Шанхай) - Кыргызстан" жогорку билим берүү форумуна Шэньси провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Син Шаньпин айым, Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым, КР Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева катышууда.
И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кыргызстандын жана Кытайдын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, академиялык мобилдүүлүктүн, биргелешкен билим берүү программаларынын жана илимий изилдөөлөрдүн ролун баса белгиледи.
КМУнун ректору ошондой эле университет Кытайдын алдыңкы ЖОЖдору менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттер менен окутуучулардын эл аралык илимий коомчулукка интеграциясына өбөлгө түзөрүн белгиледи. Форумдун жүрүшүндө Кытай менен Кыргызстандын университеттеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Бул студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети бул процесстин негизги катышуучуларынын бири деп аталды.
Форум эки өлкөнүн ортосундагы диалог жана билим берүү байланыштарын чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.