КМУнун ректору А.Абдраева "Кытай (Шанхай) - Кыргызстан" жогорку билим берүү форумунун алкагында 2 тараптуу кызматташуу келишимине кол койду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Шэньси провинциясынын (Кытай Эл Республикасы) Билим берүү департаменти менен биргеликте уюштурган "Кытай (Шанхай) - Кыргызстан" жогорку билим берүү форумуна катышты.
Иш-чаранын алкагында Шэньси провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Син Шаньпин айым, Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым, КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын катышуусунда Кыргызстан жана Кытай жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумуна кол коюу аземи өттү.