Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева PhD доктор А.Юта мырзаны кабыл алды

16-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева АКШ элчилигине келген PhD доктор, англис тилинин адиси (English Language Fellow, ELF) Альфред Юта мырзаны кабыл алды.

PhD доктор Альфред Юта мырза 2024-2025-окуу жылында И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттерине сабак жана окутуучуларга методикалык воркшопторду өтөт.