КМУнун ректору А. Абдраева президенттик стипендияга ээ болгон студенттер менен жолугушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Айгүл Абдраева студенттерди ийгилиги менен куттуктап, бул сыйлык алардын тынымсыз эмгегинин жана билимге болгон умтулуусунун жыйынтыгы экенин баса белгиледи.


