Blog Image

КМУнун ректору А.Абдраева Түштүк Кореянын Ёнджу Кёнбук окуу жайынын профессору А.Кимди кабыл алды

Бүгүн, 5-июнь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Түштүк Кореянын Ёнджу шаарынын Кёнбук колледжинин профессору Антони Кимди кабыл алды. Жолугушууга эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы жана профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек катышты. Жолугуушуу учурунда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн талкуулап, эки окуу жайдын ортосунда келишим түзүлдү.