КМУнун ректору А.Абдраева Япониядагы эл аралык онлайн семинарга катышты
16-июль күнү Япониянын Nippon Travel компаниясы тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын эмгек ресурстары: жаңы мүмкүнчүлүктөр" темасында онлайн форматта өткөн эл аралык семинарга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева расмий түрдө катышып сөз сүйлөдү.
Семинардын максаты – Кыргызстандын жогорку билимдүү, тил билген жана эмгекчил жаштарын Япониянын туризм жана тейлөө тармагына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү.
КМУнун ректору Айгүл Абдраева өзүнүн сөзүндө университеттин эл аралык багыттагы иштерине токтолуп өттү. Айрыкча, 2016-жылы негизделген Японтаануу институту тууралуу маалымат берип, бул борбор Японияны системалуу изилдөөгө багытталган Кыргыз Республикасындагы жападан жалгыз адистештирилген академиялык түзүм экендигин белгиледи. Япон тилин жана маданиятын өздөштүрүп жаткан студенттер учурда Японияда практика өтөп, өздөрүнүн билими жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен япон иш берүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыктуу болууда.
Семинарга Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, япон ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Японияда эмгектенип жаткан жаш адистери катышты.
Бул иш-чара КМУнун эл аралык кызматташтык жаатындагы ишмердүүлүгүнүн жана Япония менен болгон өнөктөштүктүн кезектеги маанилүү кадамы болуп калды.