Blog Image

КМУнун ректору А.Т.Абдраева "Евразия" АКЭУнун Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси М.В.Филяев менен жолугушту

Бүгүн, 27-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева "Евразия" АКЭУнун Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Максим Филяев жана "Евразия Кей Джи" коомдук фондунун долбоордук менеджери Тенгиз Камчыбеков менен жолугушту.

Жолугушууга КМУнун орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева катышты.

Тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, пикир алмашып, ачык диалогго жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, ошону менен бирге жаңы бийиктиктерге жетүүгө мүмкүндүк берүүчү биргелешкен демилгелерге ишеним билдиришти.

Өз кезегинде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева айрым сунуштарды: орус тилдүү мугалимдерди мектептерге даярдоону өзгөчө күчөтүү жана билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын; орус тилинин жана адабиятынын актуалдуу проблемаларынын илимий багытын өнүктүрүү. Ректор ошондой эле "Россияны тааны" жана "Евразияны тааны” флагмандык программаларына, "Евразия" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүчү гранттык сынактарга, долбоорлорго, платформаларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө каалоолорун билдирди.

Эске сала кетсек, "Евразия" салттуу баалуулуктар платформасы – бул динамикалуу өнүгүү жана эл аралык кызматташууга көмөктөшүү аянтчасы.

"Евразия" АКЭУ - эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм.

"Евразия" АКЭУ салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда.

"Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кыл маданияттагы адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет, билим берүү, медицина, жаштар арасында алмашуу тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт.

Негизги багыттардын бири – мектеп окуучуларын, студенттерди, жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун арасында билим берүү программалары, алмашуулар, мамлекеттик ири компанияларда стажировкаларды өтүү, медиа мектептерди камьыйт.

"Евразия" долбоору – бул мектеп жана ЖОЖдордун окутуучулары үчүн кесиптик платформалар жана форумдар, журналисттер жана блогерлер үчүн гранттар, тарыхты жана маданиятты сактоо жаатындагы долбоорлорду колдоо.

2024-жылдын 2-сентябрында Бишкекте "Евразия" АКЭУ жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети гуманитардык жана маданий чөйрөлөрдөгү долбоорлорду, анын ичинде улуттук салттардын маселелерин ишке ашырууну камтыган кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшкан.