КМУнун ректору АКШдан келген окутуучу Альфред Аттон менен жолугушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетинин ректору Айгүл Абдраева Англис тилин үйрөтүү боюнча эл аралык программа (English Language Fellow Program) аркылуу келген Альфред Аттон менен жолугушту.
Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева Альфред Аттонго 2024–2025-окуу жылындагы ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык кат тапшырды.
Альфред Аттон АКШдан келип, КМУда англис тилин окутуу боюнча методика, практикалык тил курсу боюнча сабактарды өтүп, окутуучулар үчүн IELTSке даярдоо жана методика боюнча воркшопторду уюштурду. Мындан тышкары, студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, жандуу баарлашуу аркылуу тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.