Blog Image

КМУнун ректору “Ала-Тоо жазы” фестивалынын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Бүгүн,16-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалында III орунду ээлеген таланттуу студенттер менен жолугушуу өттү.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева студенттерди куттуктап, алардын чыгармачылыгы, биримдиги жана эмгекчилдиги университеттин сыймыгы экенин баса белгилеп, бул ийгилик КМУнун маданий багытындагы жетишкендиги экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер фестивалдан алган таасирлерин бөлүшүп, даярдык процесси, сахнадагы толкундануулар жана команданын ынтымагы тууралуу айтып беришти.

КМУ студенттерге ар тараптан колдоо көрсөтүп, таланттарын өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө даяр.