Blog Image

КМУнун ректору Анкара шаарында ТИКА башкы башкармалыгыгын башчысы менен жолукту

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүль Абдраева Түркия мамлекетине болгон иш сапары алкагында Анкара шаарында ТИКА башкы башкармалыгыгын башчысы Серкан Каялар менен жолукту. Эки мекеме ортосунда жылуу алакалар түптөлүп, билим берүү жана башка багытта дагы долбоорлор боюнча кызматташууну мындан ары да өркүндөтүүнү макулдашышты. Жолугушууга Теология факультетинин деканы Н. Шамралиев жана Теология факультетинин доценти С. Мырзыибраимовдор катышты.