Blog Image

КМУнун ректору араб илбирсин сактоо боюнча жөө жүрүшүнө катышты

10-февралда Бишкектеги “Ынтымак” жана “Адинай” сейил бактарында араб илбирсин сактоо боюнча жөө жүрүш өттү. Иш-чара Сауд Аравиясынын элчилиги тарабынан уюштурулган.
Бул иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Теология факультеттин деканы Нурбек Шамралиевдер катышты. 
"Сауд Арабиясы араб илбирсин жана башка жоголуп бара жаткан мышыктарды сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат" деди Сауд Араб Падышалыгынын элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради. Араб илбирстеринин эл аралык күнү БУУнун резолюциясы менен 2023-жылдын 12-июнунда бекитилген жана быйыл биринчи жолу белгиленип жатат.
Сауд Араб Өкмөтү жаныбарды сактап калуу үчүн бардык аракетин көрүүдө. Азыр дүйнөдө Араб жарым аралынын бир нече өлкөлөрүндө жашаган ондогон жаныбарлар бар.
Жөө жүрүшкө Россиянын, Казакстандын, Пакистандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары ж.б. катышты.