Blog Image

КМУнун ректору “Ас-Салам” фондунун негиздөөчүсүн кабыл алды 

Бүгүн, 25-январда, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгул Абдраева “Ас-Салам” фондунун негиздөөчүсү Абду Аль-Азиз Абдуллах Абду Аль-Азиз Абдуллах Аль-Мисалламды кабыл алды.
Жолугушууда И.Арабаев атындагы КМУнун I проректору, профессор Талантбек Курманбек уулу, Теология бөлүмүнүн башчысы, Ph/D доктор Нурбек Шамралиев болду.
Университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде “Ас-Салам” фондунун негиздөөчүсү Абду Аль-Азиз Абдуллах Абду Аль-Азиз Абдуллах Аль-Мисалламга Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” ардактуу наамы ыйгарылды. 
Иш-чарага университеттин курам жетекчилери катышты.