Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева АКШ элчилигинин өкүлү Ажай Рао менен жолугушту

21-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева АКШ элчилигинин өкүлү Ажай Рао, АКШ элчилигинин англис тили боюнча программаларынын координатору Наталья Джуманалиева жана англис тилинин адиси, профессор Альфрад Уттону кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө англис тилинин адиси, профессор Альфрад Утто Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттерине сабак өтөөрү айтылды. Ошондой эле, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары үчүн 2024-2025-окуу жылынан тартып воркшопторду өткөрөт.

Белгилей кетсек, АКШ элчилигинин ELF программасына катышып, 100 арыздын ичинен И. Арабаев атындагы КМУнун арызы мыкты деп табылган.