Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева «Алтын Казык» программасын талдоо жыйынына катышты

Бүгүн, 26-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева, Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Токтобүбү Ашымбаева Бишкекте өткөн улуттук билим берүү системасын жаңыртууга багытталган «Алтын Казык» программасын талдоо жыйынына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Биздин алдыбызда чоң сыноо турат. Билим берүү тармагын өзгөртүүгө чечкиндүү кадамдар ташталды. Ар бир балага жеткиликтүү, сапаттуу билим, татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ал үчүн аң-сезимибизди өзгөртүшүбүз зарыл. Учурда жасалып жаткан бардык иш-аракеттер бүгүнкү балдардын келечеги үчүн. Кыргыз элинин күчү анын биримдигинде болгон, жаңы билим берүү стандарттары жазылып, окуу китептери түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Уңгу жолдун өзөгүндө нукура кыргыз тарбиясы бар, бизге ошол мурас “Алтын Казык” болуп, бала менен билимдин тегерегинде айланышыбыз керек”, – деди.

Жыйында аталган программа тууралуу талкуулар болуп, билим берүү системасын жакшыртуу жана келечек муундарды сапаттуу билим менен камсыздоо багытында кандай кадамдарды таштоо керектиги тууралуу айтылды.

Позвонить