Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу:

Ардактуу ажарлуу айымдар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам жаздын алгачкы күндөрү белгиленип жаткандыгы да өзгөчө мааниге ээ деп баамдаса болот. Себеби аялзаты гүлдөй назик, кулпунган, таңкы шүүдүрүм сыяктуу керемет жан эмеспи.

Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, коомдун күзгүсү, улуттун намысы экендиги калетсиз!

Бүгүнкү күндө университетте эмгектенип жана билим алып жаткан жалпы аялзатына чың ден соолук жана ийгиликтерди каалап кетмекчимин.