Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты

9-июнь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чара “Ынтымак” сейил багында өттү.  Ага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль-Ради катышты. Ошондой эле, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев катышып, экологияны жакшыртуу максатында көчөттөр отургузулду.

Позвонить