Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева эл аралык "Бий планетасы"сынагында жеңүүчү аталган студенттер менен жолугушту

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Борбордук Азиянын эл аралык "Бий планетасы" сынагына катышып, I орунду ээлеген КМУнун студенттерин кабыл алды. Жолугушууда КМУнун ректору Айгүл Абдраева КМУнун студенттеринен түзүлгөн "Рай" бийчилер тобун жана хореограф Аэлита Азамат кызын куттуктап, ийгилик каалады. "Рай" бийчилер тобунун жетекчисине баалуу белек тапшырды.