КМУнун ректору Айгүл Абдраева Европа комиссиясынын өкүлү менен жолугушту
Бүгүн, 10-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Европа комиссиясынын өкүлү Мария-Соль Домингес Паррадо менен жолугушту. Мария-Соль Домингес Паррадо айым “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санарип университеттери” (GREENKG) долбоорунун алкагында мониторинг иш сапары менен келген. Иш сапардын алкагында Табигый илимдер жана туризм институтунда “Жашыл жана санарип кеңсесинин” расмий ачылыш аземине катышты.
Бул кеңсе студенттер менен окутуучулар үчүн жашыл экономика жана санариптик технологиялар боюнча семинарларды онлайн жана офлайн форматта өткөрүүнү көздөп, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуп, заманбап билим берүү системаларын киргизүүгө багытталган.
Ачылыш аземде Мария-Соль Домингес Паррадо айым долбоордун алкагындагы жетишкендиктерге жогору баа берип, келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.