КМУнун ректору А. Абдраева Казакстандын SDU университетинин PhD доктору Г. Нурманова менен жолугушту
7-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева Казакстан Республикасынын SDU университетинин педагогика жана гуманитардык илимдер факультетинин тилдик билим берүү кафедрасынын PhD доктору Гүлжайна Нурманова кабыл алды.
Келечекте эки университет менен академиялык мобилдүүлүк, квалификацияны жогорулатуу жана эл аралык конференцияларды биргеликте өткөрүү маселелери талкууланды. Жолугушууга эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова жана М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева катышышты.
“Билим берүүдөгү санариптик трансформация” темасында республиканын билим берүү тармагынын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курсун жогорку деңгээлде өткөндүгү үчүн Нурманова Гульжайна Нурболатовнага Ыраазычылык кат тапшырылды.