Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кореянын Материалдык эмес маданиятты изилдөө борборунун директору Хам Ханхи менен жолугушту

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кореянын Материалдык эмес маданиятты изилдөө борборунун директору Хам Ханхи жана профессор Пак Сун менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, ректордун кеңешчиси Динара Кемелова жана эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болуп, материалдык эмес маданий мурастар боюнча долбоор тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Долбоордун алкагында материалдык эмес маданий материалдарды санариптештирүү программасына биздин студенттер катыша ала тургандыгы белгиленди. Ошондой эле, Кореянын Чонджу шаарындагы Чонбук университети менен студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгү боюнча эки тараптуу карым-катнаштарды түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.