КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кыргызстан-Россия инновациялык жарманкесинин экинчи күнүнө катышты
Бүгүн, 20-августта, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргызстан-Россия инновациялык жарманкесинин экинчи күнүнө катышты. Иш-чаранын алкагында Сколково илим жана технология институту (Сколтех) өзүнүн “Дос мамлекеттерде компетенциялар менен технологияларды өнүктүрүү боюнча заманбап борборлордун эл аралык тармагын түзүү” долбоорун сунуштады.
Ошондой эле, Россиянын президентине караштуу Эл чарбасы жана мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алексей Комиссаров Кыргызстан менен Россиянын ортосунда мамлекеттик кадрларды даярдоодо биргелешкен иш-чаралар уюштурула тургандыгын билдирди.