Blog Image

КМУнун ректору Кытай улуттук космос башкармалыгынын Космостук изилдөө лабораториясынын жетекчиси менен онлайн жолугушуу өткөрдү

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Кытай Улуттук космос башкармалыгынын Космостук изилдөө лабораториясынын жетекчиси Ван Вэй, Эл аралык кызматташтык борборунун бөлүм башчысы Тянь Цзянь жана Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү менеджери Ли Сумей менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Ага КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева жана Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, профессор Чолпон Койчуманова катышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкууланды. Анда, адистерди алмашуу жана окутуу, кадрларды даярдоо, КМУнун базасында лаборатория ачуу каралган. Кытай Улуттук космос башкармалыгынын Космостук изилдөө лабораториясынын жетекчилиги өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады. Ошондой эле, И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигин келишимге кол коюу үчүн Кытайга чакырды. Андан сырткары КМУ менен таанышуу үчүн окуу жайга келүүнү кааларын билдирди.