Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Ондокуз Майыс университетинин профессору Хайреттин Өзтүрк менен жолугушту

Бүгүн, 11-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Түркиянын Ондокуз Майыс университетинин профессору Хайреттин Өзтүрк менен жолугушту. Жолугушууга Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, коноктор университеттин музейине барып, университеттин тарыхы менен таанышты. КМУнун ректору Айгүл Абдраева акыркы жылдардагы жетишкендиктери, билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатындагы алгылыктуу иштер боюнча маалымат берип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Делегация мүчөлөрү кыргыз-түрк мамилелерин бекемдөөгө даярдыгын билдирип, университеттин өнүгүү багытындагы аракеттерине жогору баа беришти. Бул жолугушуу эки тараптын билим берүү жана маданий байланыштарын мындан ары да чыңдоого чоң салым кошот.