Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева республикалык "Ден соолук-2025" спартакиадасына катышкан окуу жайдын кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 2-июль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева “Ден соолук 2025” республикалык спартакиадасына катышкан окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлери менен жолугушту.

Иш-чарага КМУнун проректорлору, курам жетекчилери, КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Жолугушууда республикалык спартакиаданын жыйынтыгы боюнча шахмат, тогуз коргоол жана волейбол боюнча университеттин айымдар жана мырзалар курама командалары байгелүү орундарга жетишкендиги тууралуу алкыш сөздөр айтылды.

Жолугушууда келерки спорттук оюндарына мыкты даярдыктарды көрүү жана окуу жайда спорттук мелдештерде жеңиштерди камсыздоого толук шарттар түзүлгөндүгү тууралуу баса белгиленди.

Эскерте кетсек, КМУнун окутуучулары төмөнкү спорт оюндары боюнча ат салышкан: волейбол - мырзалар жана айымдар арасында 45 жаштан жогору; волейбол - мырзалар жана айымдар арасында 45 жашка чейин; футбол - 45 жаштан жогору; тогуз коргоол - мырзалар жана айымдар арасында; шахмат - мырзалар жана айымдар арасында; стол тенниси – айымдар арасында.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун шахмат боюнча мырзалар жана айымдар курама командалары III орунду; тогуз-коргоол боюнча айымдар курама командасы II орунду, мырзалар курама командасы III орунду; волейбол боюнча 45 жаштан жогору айымдар курама командасы III орунду жана 45 жашка чейинки мырзалар курама командасы I байгелүү орунду багындырды.

Позвонить