Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева “Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу” федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева “Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу” федерациясынын президенти Б. Токтоматов, өкүлдөрү А.Ашырова, О.Загорулько, У.Араев, З.Бегалиев, Э.Сыдыгалиев, С.Суеркулов, К.Томотоев менен жолукту. Жолугушууга университеттин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Каныбек Сарымсаков, дене тарбия кафедрасынын башчысы Б.Калыков, КМУнун профсоюзунун төрагасы Н.Догдурбек катышты. Иш-чарада улуттук оюндарды өнүктүрүү жана өз ара кызматташтык талкууланды.